Сүт даамы

Сүт даамы
Жакшы кенеш

Сүт даамы

Сиздер бир кезде эмне үчүн улуу муундагы адамдар, СССР убагында сүт азыктары даамдуу болгон деп айтышкандары жөнүндө ойлоп көргөнсүздөрбү?
Сүрөт 1
Анын жообу жөнөкөй. СССР убагында мал чарбачылыгы колхоздордо жана совхоздордо жүргүзүлгөн. Малды төлдөтүү, тоюттандыруу жана дарылоо  МАМСТка ылайык ишке ашырылчу. Өндүрүү пландары жана тандоо иштери да болгон. Сүттү толук сактоо жана ташуу да мамлекеттин көзөмөлү астында жүргөн.
Сүрөт 2
Сүт заводдору дайыма алынып келген сырьёго көзөмөл жүргүзүүгө  жана эң башкысы биринчи жана жогорку сорттогу сүттү алууга мүмкүндүгү бар эле.
Сүрөт 3
СССР тарагандан кийин колхоздор жойулуп, фермалар кампаларга айланды. Мал элге сатылып же эт алуу үчүн союлуп кетти.
Сүрөт 4
Өлкөдө сүттү өндүрүү процесси бүт элге өттү. Азыркы убакта Кыргызстанда чийки сүттүн 95% жеке чарбадан жыйналып алынат.
Сүрөт 5
Сүт өндүрүүнүн саны азайып, аны менен бирге анын сапаты да төмөндөп кетти. Ар күнү бир тонна сүт тапшырып жаткан фермердин көйгөйүн чечсе болот, ал эми чогултулуп алынган бир тонна сүттөн табуу мүмкүн эмес. Ар бир үй чарбасы орто эсеп менен күнүгө 10-12 литр сүт тапшырат. Жайдын ысык түнүндө муздаткычы жок сактоодо жана кышкысын суук күндөрү сүттүн майлуулугун жогорулатуу жана салмагын көбөйтүү үчүн кимиси кандай амал-айла колдонооруна көз салуу мүмкүн эмес. Көзөмөл жокпу, демек, анын кепилдиги да жок.

Бирге иштешкен жылдар ичинде биздин принциптерди колдошкон фермерлерди табууга мүмкүн болду.
Сүрөт 6
2016-жылы биз толугу менен фермердик сүт өндүрүүгө өтүү менен, алынып келген сүттүн сапатын жогорулатууга мүмкүн болду.  Биздин азыктардын “курамы таза” деп жазылгандыгына 100% кепилдик бере алабыз.
Сүрөт 7
Биз Чүй облусундагы үч фермердик чарба менен иштешүүдөбүз:

1.    КФЧ “Флекфи”, Күнчү айылы – ар күнү 800 литр сүт алынат.
2.    КФЧ “Сулейман”, Нижнечуйское айылы – күнүнө 1 300 литр сүт.
3.    ФЧ Саркисов ЖИ, Гроздь айылы – ар күнү 1 700 литр сүт алынат.
 
Бул чарбалардын баардыгы тең үлгүлүү, биздин компаниянын жогорку талабына туура келүү үчүн каражатты ар дайым өнүгүүгө салышат. Заманбап европалык техникаларды колдонууну киргизишип, малдын санын көбөйтүшүүдө.

Биздин накта, жаңы жана пайдалуу сүт азыктарыбызды колдонуп, чың ден соолукта болгула.

“Семейные традиции” компаниясы

23 апреля, 2017

Биздин азыктар кошулган табигый тамактар менен тамактангыла