Йогурт: пайдалуубу же зыяндуубу?

Йогурт: пайдалуубу же зыяндуубу?
Жакшы кенеш

Йогурт: пайдалуубу же зыяндуубу?

Жарнамалардагы кыскача чакырыктарга ишенсек, йогурт — өтө эле пайдалуу ачкыл сүт азыгы. Ошондуктан, мисалы, бизде сатылып жаткан айранга же быштакка караганда, йогуртту алдаганча көп керектешет.
Сүрөт 1


Эгерде улуу орус окумуштуусу Илья Ильич Мечниковдун пикирине таянсак, чынында эле ушундай. 1908-жылы жазылган “Ачкыл сүт жөнүндө бир нече сөз” деген эмгегинде, Болгарияда калкынын жалпы санына салыштырып санаганда 100 жашка чыккан кары адамдар көп жашай тургандыгы жөнүндө маалымдаган. Бул маалыматтар Европанын 36 өлкөсү боюнча алынган. Болгарияда ачкыл сүт азыгынын негизги түрү болуп йогурт же “кисело мляко” (ачкыл сүт) эсептелген. Мына так ошол, эгер тактап айтсак, болгар сүт палочкасы (lactobacillus delbrueckii subsp. bulgaricus) бул азыкты ушунчалык пайдалуу азыкка айланткан.

Бирок 1908-жылдан бери 100 жылдан ашты жана “йогурт” деген сөз жакшы сатылуучу соода белгисине айланды. Рыноктун керектөөсүнө жараша азыктын өзү да өзгөрүлдү.

Адегенде йогурт ачкыл сүт менен термофиль стрептокок негизинде уютулган сүт азыгы болуп эсептелген. МАМСТка ылайык йогурттун жарамдуулук мөөнөтү кошулмасыз 14 күнгө эсептелинген. Мөөнөт аяктаган кезде ачкылсүт организмдеринин саны граммына 1 000 000 аз болбошу керек. Аныгында ачкыл сүт азыктарынын негизги пайдасы, микрофлоранын курамына кирген иммунндук системанын стимулуна жараша болот.

Эмесе биздин дүкөндөрдүн текчелерине көз чаптырып, бул жакшы ачкыл сүт азыгы кандай өзгөрүүлөргө учураганын карап көрөлүчү.

Биринчи миф: “Жарамдуулук мөөнөтү”. Жарамдуулук мөөнөтүн узартуунун эки жолу бар: ысытып же болбосо консервант кошуу. Экөө тең ачкыл сүт микроорганизмдериндеги пайдалуу концентратты азайтып, йогуртту таптакыр эле пайдасыз кылып таштайт. Йогурт кадимки эле десертке айланып калат.
Сүрөт 2
Экинчи миф. “Витаминдер менен байытуу”. Йогурттардын көпчүлүгү витаминдер менен байытылат. Ооба, бул ушундай, бирок, изилдөөлөр көрсөткөндөй, адамдын организминдеги витаминдердин жетишсиздигинин ордун толтуруш үчүн  эч ким чыдай албагандай йогурттун саны керектелүүгө тийиш.
Сүрөт 3
Үчүнчү миф: “Жемиштер йогурту”. 1953-жылга чейин дүйнө жүзүндө жемиштер кошулган йогурт жөнүндө түшүнүгү жок болгон. Албетте, йогуртту варенье менен аралаштырышчу, бирок, мындай учурда жарамдуулук мөөнөтү өтө кыскарат. Ал кезде дагы кандай кошулмаларды колдонушкандыгы жөнүндө айтуу кыйын, андан бери алтымыш жылдан ашты. Бирок ошол убактан бери технология абдан жакшырды. Жөнөкөй эле мисал: алмурут даамданган жемиш йогуртун алалычы. Мына ушул жемиштин даамын алуу үчүн көп учурда бутилацетатты колдонушат. Бул затты алмурут деп атоо кыйын го, туурабы? Мунун Сиздин организмге пайда алып келе турганын күтүү да мүмкүн эмес.
Сүрөт 4
Төртүнчү миф: “Жемиштердин кесими бар йогурт”. Кайталай кетели, йогуртка вареньени аралаштырууну байыртадан бери колдонушкан жана ал беш күн бою жегенге жарактуу болуп, андан кийин ал даамын жоготкон. Бирок анын жарамдуулук мөөнөтүн кантип узартып жана даамын сактап калуу керек? Мунун жообу бирөө эле – “тынчтык атому”. Жемиштердин кесимин йогурт жасоо алдында тазалап алуу керек. Эгер ысытуу ыкмасын колдонсок, түзүмү бузулат (вареньедеги жер жемиштерин эстегилечи). Ошондуктан жемиштердин кесимдериндеги жандуулардын баардыгын жок кылып шоолаландырышат. Дароо эле айтып коюшубуз керек, шоолаландыруунун дозасы абдан аз жана адамдын ден соолугу үчүн зыяны жок болушу керек. Бирок ал зыянсыз болгону менен пайдсы да жокко эсе.
Сүрөт 5
Бешинчи миф: “Стабилизаторлор”. Маркетинг иштеп, натыйжада ойгуртту керектөө көбөйгөндөн көбөйүүнүн үстүндө болууда. Өндүрүүнүн теүнологиясы да өзгөрдү, алгачкы жолкудай “ысытуу” ыкмасынын технологиясы жакшы “резервуардык” иштетүүгө өттү. Мындай технология процессти жакшыртканы менен, консистенция стабилизаторун колдонууну талап кылган. Мына ушнтип пайдалуу эмес крахмалды жана башка ар түрдүү койуулантууларды колдонууну керектөө келип чыккани.
Сүрөт 6
Алтынчы миф: “Алмаштыргычтар”. Эми муну миф деп айтуу да кыйын. Алмаштыргычтар азыкты арзандатуу максатында гана иштелип чыккан, анткени компаниянын каражат ресурстарын маркетинг алып турган. Азыркы химиялык өнөр жайы алдыга коюлган тапшырманы абдан жакшы өздөштүрдү. Буга мисал катары “пальма” деген сөздү алсак, биз аны тамак-аш өнөр жайында эми өсүмдүк катары элестетпейбиз. Биз жөн гана майдын брикетин көз алдыбызга келтиребиз.
Сүрөт 7
Кыргызстанда азыктагы микроорганизмдердин санын, сүт майында алмаштыргычтардын бары-жогун жана боёлгонун же даамын аныктай турган лабораториялар жок.

Керектөөчү анан кантиши керек, пайдалуу ачкыл сүт азыгын зыяндуусунан кантип айырмалай алат?

Жообу жөнөкөй — логика. Жаратылышты алдай албайсың, эгер жарамдуулук мөөнөтү, консистенциясы жана даамы чегинен ашык болсо, демек, азыкты даярдоодо “өз иштерин жасашкан”. Андыктан бул иштин максаты азыктын пайдалуулугун сактоо эмес, товарды сактап калуу болгон! Ал эми товар пайда алып келеби же жокпу, эч кимди кызыктырбаган.

Ден соолугуңар чың болсун жана накта азыктарды сатып алгыла.

Урматтоо менен,
Сиздердин компания «Семейные традиции».

17 апреля, 2017