Нан баарынан улук

Нан баарынан улук

Нан баарынан улук

“Здоровое питание” дүкөндөрүндө сатылуучу эко-ундан жасалган нан көпчүлүк сатып алуучуларга абдан жакты.

Бүгүн биз Ысык-Көлгө, Эко-ферма жайгашкан Григорьевка айылына, “перманенттик айыл чарбасы” деген эмне экендигин өз көзүбүз менен көрүп келүү үчүн сапар тарттык.
Сүрөт 1

Таанышып койгула, абдан билерман жана окурман бул адам - Андрей Кияшко.
Сүрөт 2


Андрей ишендиргендей, билимдин жана ар бир иштин өзгөчөлүгүнүн жана касиетинин негизинде (түшүмдүү бакча, чарбалык курулуштар, балык чарбасы ж.б.), ийгиликтүү пландаштыруу менен миниресурстарды жана аз эмгекти талап кылган, бирок, максималдуу натыйжалуулукту бере турган эффективдүү эко-системаны түзүүгө болот.

Андрей өз үйүн жылытуу үчүн күндүн энергиясын гана колдонот. Мындай алынган жылуулук чоң үй бүлөгө гана эмес, кактус өстүрүлгөн оранжереяга да жетет.
Сүрөт 3


Мындай “жапайы” чарбаны тейлеш үчүн Андрейдин олуттуу бизнес-тажрыйбасы жетиштүү. 2009-жылы ал ийгиликтүү курулуш бизнесин таштап салып, жашоого жана эмгектенүүгө ылайыктуу деп эсептеген – Ысык-Көлдүн жээгине , үй бүлөсү менен көчүп келген.

Анын билими жана таң калтыруучу сезимталдыгы ташталып, ээси жок калган айдоо жеринде жаңы жашоону баштоого түрткү берди.
Сүрөт 4
Ал химиялык отоодон, селитра жер семирткичин, гербицид менен пестицидди колдонуудан толугу менен баш тартты. Анын чечими дан эгиндерин, жер кыртышын жана ал жерде өскөн өсүмдүктөрдү кылдаттык менен тандап алууга негизделген эле. Мындан тышкары, жер кыртышынын арыктап кетишинен арылуу үчүн дан эгиндерин кезектеп, жер алмаштырып айдап себүү болчу.

- Алгачкы жылдары абдан оор болду, өзгөчө түшүм жыйноо учурунда, деп үшкүрүндү Андрей. – Бирок, “Суу ташты курчутат” дегендей, жубайым экөөбүз иштеп жүрүп физикалык күч топтодук, жардамчылар  өсүп чоңойушту, механика машиналарын сатып алдык.
Сүрөт 5


Бул эко-системада баардыгы ойлонуштурулуп жасалыптыр. Заманбап энергия сактоочу материалдар (поликарбонат) самандан жасалган дубалдар менен катарлашат.
Сүрөт 6


Ал жасаган үй
Сүрөт 7
жана чарба курулуштарынын баардыгы таң калтырбай койбойт.
Сүрөт 8
Балким, мына так ушулар Андрейдин фермасына абдан бай түшүмдүүлүктү тартуулап жаткандыр.
Сүрөт 9


Ким билет, мүмкүн, Андрей Кияшко баардыгына кол шилтеп таштап, башка жерге көчүп келип, табияттын “тилин таап”, таң калычтуу нерселерди жасаган акыркы бизнесмен эместир. 

Биз Эко-фермадан даярдалган азыктардын түрү биздин дүкөндөрдүн текчелеринде көбүрөөк болушу үчүн аракет кылабыз. Анткени, биз дагы пайдалуу жана керектүү иш жасап жатабыз деген ишеничтебиз.

Урматтоо менен,
“Семейные традиции” компаниясы
Эко-ферманын дареги:
Ысык-Көл облусу, Григорьевка айылы
ekomisl@list.ru
3 июня, 2017

Биздин азыктар кошулган табигый тамактар менен тамактангыла