Стакандагы пломбир. “Балалыктын даамы” кантип даярдалат

Стакандагы пломбир. “Балалыктын даамы” кантип даярдалат

Стакандагы пломбир. “Балалыктын даамы” кантип даярдалат

Стакандагы пломбир. “Балалыктын даамы” кантип даярдалат

Күн сайын биздин ишканада клубника жана алча джеминен, шоколаддан даярдалган абдан даамдуу балмуздактар жасалып чыгарылат. Биз цехтерге барып бул процесс кандай жүрүп жаткандыгын өз көзүбүз менен көрдүк.
Сүрөт 1


Баардыгы лабораториядан башталат экен. Алгач сүт азыгы физика-химиялык текшерүүдөн өткөрүлөт, анткени накта пломбир жогорку жана биринчи сорттогу сүттөн гана жасалат.
Сүрөт 2


Биздин ишканада эски жана жаңы технологиялар жанаша жайгаштырылган, алар бири-бирин толуктап жана 100% жыйынтык алууга мүмкүндүк берет.
Сүрөт 3


Таанышып койгула, сүт азыктарын даярдоо цехинин башкы технологу Ирина.

Ал “Семейные традиции” компаниясы тарабынан жасалып чыгарылган биздин стакандагы пломбирдин рецептурасына жеке өзү жооп берет.
Сүрөт 4


Тажрыйбалуу технологдордун практикасында абдан даамдуу жана жеңил балмуздактар жаңы сүттөн жана каймактан жасалат. Мына ушундай принцип боюнча Ирина да биздин балмуздактардын рецебин иштеп чыккан. Анын курамында өсүмдүк майлары жана химиялык кошулмалар жок. Ошондуктан биздин балмуздактарыбызда сүт-каймактын даамы же биздин сатып алуучуларыбыз айткандай “балалыктын даамы” бар.

Балмуздакты даярдоо резервуарларда башталат экен. Азырынча ал балмуздакка такыр окшобостон, көбүнчө “койултулган сүттү” эске салып турду. Мында чоңураак кесектер аягына чейин эзилиши үчүн, сыйымдуу идиш ичинде ысытылып, тазаланып аралаштырылат.
 
Сүрөт 5


Андан ары аралашма 20 саат убакыт +4 Цельсия градусунда бышырылат. Бышкандан кийин аны трубопровод аркылуу муздатууга жиберилет. Тоңдурма аппараты сүт азыгын +4төн -6 градуска дароо эле муздатат. Процесс дайыма жүрүп турат, ошон үчүн кызматкерлердин түшкү тамак учурунда убактылары жетишпей калган учурлары болот. Алар жабдыктын линиясын өчүрүп, ишти токтото алышпайт. Ошондуктан бүтүндөй бригадаларды алмаштырып турууга туура келет.
Сүрөт 6


Сиздерге жашыруун сыр катары айта кетели, балмуздактын эң даамдуу болуу учуру ушул стадияга туура келет. Ал муздай элек, бирок агыла баштайт. Кычыраган стакандарга тете келип,  алча джеминин даамы, “жылуу” балмуздактын жыты келгендиктен, үчүнчү порцияны алууга колуң созулуп бара жаткандыгын сезбей да каласың.

Биздин ишканада алча джеми ушундай эле жөнөкөй рецепт менен даярдалып чыгарылат. Анын курамында алча ширеси, кант,алма бар. Андан кийин балмуздак салынган стаканчиктер “дароо тоңдуруучу” камерага жиберилет. 40 мүнөттүн ичинде -34 градуста балмуздак тоңдурулгандан кийин, кайра алып чыгарылат.
Сүрөт 7

Эми аны таңгактап, анан сатып алуучулар күтүп жаткан дүкөндөргө жөнөтүшөт.
Сүрөт 8

Биздин азыктардын сапатын түшүнө жана баалай билген сатып алуучуларыбызга ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет. Анткени биздин цехтин ар бир кызматкери ак дили менен өз ишин аткарат.

Балмуздакты жегиле жана чың ден соолукта болгула!

22 мая, 2017