Биз жөнүндө

Баардыгы 2009-жылы башталган

Кыргызстандык жаш үй бүлө, Вячеслав менен Екатерина Ковыревдер, туура тамактанууну каалагандыгы жөнүндө ойлонуп калышты. Буга башкы себеп катары үй бүлөнүн кожойуну гана эмес, анын балдарынын тамак сиңирүүдөн келип чыккан көйгөйлөрү себеп болду.
Алар бул абалдан чыгуу жолун сүт азыктарынан баштоону чечишти. Бирок 2009-жылы рынокто эмнени сунуш кылууга болот эле?

-  Же базардан алынып келген накта, даамдуу, таттуу жана жаңы, бирок, коопсуздук жана санитардык нормасы сакталбаган кепилдиги жок сүт азыктары

-  Же заводдон жаңы чыгарылып, курамында көптөгөн кошулмалары, боёктору, даам берүүчүлөрү бар, коопсуз, керектелүү убактысы узак  сүт азыктары 

Мына ушундан кийин жаңы, коопсуз жана пайдалуу накта сүт азыктарын өндүрүүчү ишкананы ачуу идеясы пайда болду. Чечим кабыл алуу жеңил, бирок, аны ИТ инженери же физкультура мугалими кантип ишке ашыра алмак эле?

Ошентип, технология боюнча жабдыкты издей башташты. Ондогон эски китептерди окуп чыгышты, Бишкектен мурда иштеген сүт өндүрүү боюнча технологдорду таап, алар менен кеңешип да көрүштү. Андан тышкары Башкириялык айыл чарба илимдеринин кандидаты, БГАУ доценти Канарейкина Светлана менен байланыш түзүп алышты.
2010-жылы күзүндө бизнес-план, технология жана рецептура даяр болду. Бир гана инвестор жетишпей жатты. Мындай инвестор болууга “Куликовский торт” компаниясы, азыркы “Куликовский” кондитердик үйү макулдугун берди. Бул эко-долбоор компаниянын кожойундары тарабынан жактырылды, анткени ал “Куликовский” компаниясындагыдай ачык жана адилеттүү принциптерге таянган эле.

2011-жыл ичин ижарага алынган имаратты оңдоп-түзөө иштерине, жабдыкты сатып алууга, өндүрүш процесстерин ишке киргизип жана жөнгө салуу менен өткөрүштү.
Ошентип, 2012-жылы 15-январда биринчи жолу сүт азыктары “Семейные традиции” соода маркасы астында, атап айтканда “Био” жана “Дуэт” жемиш йогурттары сатыкка чыгарылды. Бул азыктар өзгөчө жакшы даярдалып чыкканы билинип, термостаттык технология крахмал колдонулбаган жакшы азыкты алууга мүмкүндүк берди. Колдонуу мөөнөтү 10 күндүк мындай азык кошулмаларды кошуу зарылдыгынан куткарды. Жаңы жасалып чыгарылган, курамында йогурт азыктары бар варенье абдан даамдуу болду.
Ооба, бизге джемди да өзүбүз жасап көрүүгө туура келди. Жергиликтүү базарда боёгу жана кошулмалары жок азыкты таба албадык. Бул учурда бизге, Ковыревдердин үй бүлөлүк досу, Болгария технологу Рангел Тасков жардамга келди. Консерва өндүрүшүндө 40 жылдык тажрыйбасы бар Рангел, болгарлык накта джемдерди жана конфитюрларды өндүрүүнүн технологиясын бизге алып берди.
Биздин азыктардын жогорку сапаты жана даамдуулугун Казакстандык биздин кошуналар да баалап көрүштү. World Food Kazakhstan көргөзмөсүндө биздин азыкттар Греческий йогурту жана “Confiture Extra” Гран-при сыйлыгын жеңип алды.
2015-жылы Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден кийин, биздин компания азык-түлүк коопсуздугу боюнча ХАССП талабына жооп берген заманбап сүт өндүрүү цехин курууга киришти. Курулушту шаардын “Восточная промзона” аймагында, кароосуз калган складда баштадык.

2016-жылы салтанаттуу түрдө биздин “кемени” эркин сүзүүгө коё бердик.
Биз өз ойубузду ишке ашыра алгандыгыбыз менен сыймыктанабыз.



Жаңы өндүрүш базасы накта пломбирди жасоо боюнча биздин мурдатан берки эңсеген кыялыбызды ишке ашырууга жардам берди. Ошентип, 2016-жылы жайында биздин пломбир дүкөндөрдүн текчелеринде пайда болду.
Өндүрүү боюнча биздин кийинки кадамыбыз катары “Здоровое питание” дүкөндөр тармагынын ачылышы болду. Биринчи дүкөндөр тармагы 2017-жылы 21-мартта өзүнүн алгачкы кардарларын кабыл алды.
Дүкөндөрдүн форматы эң жөнөкөй – “Курамы таза Ата мекендик азыктар”.Бул форматты сактоодо өндүрүүчү жана мамлекеттик көзөмөл органы гана эмес, “Семейные традиции” компаниясы да дайыма көзөмөл жүргүзүп турат.

Эпилог.

Биз келечекке ишенич менен карайбыз.

Биз Бишкектин рыногунда теңдеши жок өзгөчө азыктарды жасап чыгарууга үйрөндүк жана өзүбүздүн ассортиментти кеңейтүүнү уланта бермекчибиз.

Мындан тышкары, биз дүйнөдөгү жүргөн өзгөрүүлөр менен бирге, сатууга болгон талап да өсүп жаткандыгын түшүнөбүз. Ошондуктан, биздин кардарларыбызга көбүрөөк көңүлүбүздү буруп жана алар үчүн өзгөчө сервис түзгөнгө аракет кылабыз.

Биз менен бирге болгондугуңуздар үчүн чоң рахмат!

 

Урматтоо менен,

 

“Семейные традиции” компаниясы