«Греческий» йогурту

Айран

«Греческий» йогурту

Майлуу - 5%, Таза салмгы - 230 г
41 сом
Греческий йогурту өзгөчө даярдалгандыгынын негизги принциптери:
  • Койуулугунун деңгээли.
  • Канты жок болгондуктан диеталык азыктын катарына кирет,  ошондой эле кант   диабетинен жапа чеккен адамдардын тамактануусуна мүмкүндүк берет.
  •  Өндүрүүнүн термостаттык (уютуу) ыкмасын колдонуу.
 
Бул йогурттун өзгөчөлүгү, анын койуулугунда. Греческий йогурту эртең мененки эң мыкты азык болуп саналат. Аны салаттарга өсүмдүк жана оливка майынын ордуна соус катары кошсо болот. Йогурт фермада багылган уйдун сүтүнөн термостаттык (уютуу) ыкмасы менен жасалган. Диеталык азык катары колдонууга сунуш кылынат.
Греческий йогурту эмнеси менен пайдалуу – ал белокторго, кальцийге, витаминдерге жана пайдалуу микроорганизмдерге бай. Ал сөөк тканын бекемдеп, алмашуу процесстерин ылдамдатат, тамак сиңирүүнү жакшыртат, нерв системасын тынчытууга жардам берет.

Анын курамындагы бактериялар тамак сиңирүүнү жакшыртып, иммунитетти бекемдейт.

Термостаттуу* -   Кычкыл сүт азыктарын уютуунун традициялуу ыкмасы.
Уютуу стакандын ичинде жүрөт. Идишке куйуштуруу уютуу процессинин башталышына чейин жүргүзүлөт. Сүттү уютку менен бирге стаканга куйуп, оозун бекитип, уютууга керектүү температурасы сакталган термостат камерасына салышат. Уютуунун баардык процесси стакандын ичинде жүрүп жатканда,  азыкты эч кандай механикалык  кыймылга келтирбөө (аралаштыруу, идишке куйуштуруу)  зарыл. Ошол себептен койуу уютку алынат.

Биздин азыктар кошулган табигый тамактар менен тамактангыла